logo

КУЛАКТАНДЫРУУ

Урматтуу кесиптештер!

 

Сиздерди Жаӊы 2019-жылыӊыздар менен куттуктайбыз! Ийгиликтүү жана натыйжалуу ишмердүүлүктү каалайбыз.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттар окуу борборунун директору Кыйгырова Арман Сакеновнанын 2018-жылдын 13 -декабрында кызматынан бошотулуусуна байланыштуу Адвокаттар окуу борборунун мурда пландаштырылган иш-чаралары убактылуу токтотулган.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттар окуу борбору жаӊы дайындалган директордун милдетин аткаруучу Орозакунова Айжан Жумагуловнага 2019-жылдын 10-январында тапшырылган.

 

2018-жылдын 17-20-декабрында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттар окуу борбору Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча БУУнун кеӊсесинин жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын, ошондой эле Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурган тренинг боюнча сертификаттарды алуу үчүн 2019-жылдын 14-январынан баштап саат 9.00-18.00 чейин Адвокаттар окуу борборуна келсеӊиздер болот.

Дареги: Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 152, Эльдорадо соода борбору, 2-этаж, каб. 203 Б

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттар окуу борбору 2018-жылдын 13-декабрынан 2019-жылдын 13-январына чейин ишмердүүлүгүн аргасыз токтотулгандыгы үчүн кечирим сурайбыз.

 

Урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын

алдындагы Адвокаттар окуу борборунун

директорунун милдетин аткаруучу                                                     

А.Орозакунова